Friday, October 9, 2015

Сүресі Maidah: 87





Урматтуу окурман бир тууган! 
Ар бир туулган жана жаратылган нерселер убакыт өткөн сайын ооруулары көбөйүп, кээ бир жерлери иштебей, орусча айтканда “отказ” берип баштаары мыйзам ченемдүү көрүнүш эмеспи. Анын сыңарындай, көптөгөн кылымдарды карытып, а түгүл эң байыркы элдерден деп эсептелген кыргыз элибиз дагы өмүрүнүн көпчүлүк бөлүгүн жашап койгон сыяктуу. Ата – бабалар баалап келген салттарыбыз, алар жашап, карманып келген жашоо образы, принциптери бүгүнкү күндө “отказ” берип турганына, жашыруун эмес, уялбай - нетпей эле сыналгыдан бүт үй-бүлөбүз менен көрүп турганыбыз далил. Кыргыздын канына сиңген меймандостук, тааныбаган коногуна жалгыз улагын союп берген берешендүүлүк, “айнанайын, кой, элге уят!”- деп тыйган уяттуулук деген программаларына азыр “вирус” кирип иштебей калганын баарыбыз билебиз. Ошондуктан ата-баба жебеген эшектин этин жеп, аксакалдардын алдынан өтүүдөн айбыккан кыргыз аялы денесин көрсөтүп, келген коногуна эшегин эмес жылкысын союп берген кыргыз, бүгүн элди алдап эшектин этин сатып бизнес кылган күн болду.
Баарыбыз билгендей, кымбат нерсе бузулса, арзан нерсенин бузулганынан дагы да зыяндуу болот эмеспи. Мисалы: сүт же айран бузулса, аны кайра жесе болот, ал эми май же эт бузулса жегенге болбойт, а түгүл кээде уу сыяктуу таасир бериши мүмкүн. Ошондой эле, бүткүл жаратылыштын эң кымбаты, эң улуусу болгон адам, эгер бузулса эң бузук жаныбарлардан дагы өтүп бузулат. Чирип, сасып кеткен нерселердин жытынан жыргалчылык жана кумар алган чымын-чиркейлер сыяктуу же бирөөнү чагып, чаккандан лаззат алган жылан сыяктуу, адам дагы бузулса, жийиркеничтүү нерселерден, алдагандан, бузукулук кылгандан жана арам нерсе жегенден кумар алып калаары айтпасаң деле түшүнүктүү эмеспи.
Эми бул чымын-чиркейлерге, өздөрү үчүн лаззаттуу жана “кайф” деп эсептелинген сасык жана чирип кеткен нерселердин арам экендигин айтып түшүндүрүү чоң азап эмей эмне?!!! Албетте, тозоктун да жаратылуусу Аллахтын чексиз мээримдүүлүгүнөн жана адилеттүүлүгүнөн экенин көзүң менен ачык көргөндөй болосуң жана ушул гана ылайыктуу дейсиң. “Билгиле, дүйнө жашоосу – алдамчы ырахат” (57:20) жана “Дүйнө жашоосунун пайдасы – акыретке салыштырмалуу өтө аз” (9:38), “Дүйнөнүн миң дарагы, акыреттин бир тал бутагына тең келбейт”.
Мына, урматтуу окурман! Дүйнө топтойм, жанымды багам, тиричилик кылам деп жогоруда айтылган жийиркеничтүү төмөн даражаларга түшкүңүз келбесе, ааламдардын Жаратуучусунун ыраазычылыгы чөйрөсүндө гана аракет кылыңыз! Анткени, бүткүл нерсенин Жаратуучусу Аллах болгондон кийин, Ал баардыгынан мыкты жана жакшы билет. Ал руксат бергенин жеген, ичкен, аткарган жана Ал тыйгандан тыйылган гана мээримге бөлөнөт.
Эң мыкты билген дарыгер, эң сонун даарылайт эмеспи. Демек, жогоруда айтылып өткөн элибиздин башына келген оорууларга да, бүткүл дарттарга шыпаа берген Аллахтан гана жардам сурап, анын бизге жиберген “Ислам”, “Ыйман”, “Шарият” деген даарыканасынан “антивирустарды” өзүбүзгө орнотсок, албетте, ооруубузга шыпаа таап, пайгамбарлар жана ата-бабаларыбыз туу туткан касиеттерди, жоголуп бараткан улуу адамдык сапаттарды кайра “восстановить” эте ала турганыбызга көптөгөн далилдер бар. Кимде-ким ишенбеген болсо, текшерип көрсүн, ооруулууларга эмес, оорууканага барсын!!!

No comments:

Post a Comment